Улуттук филармонияда Шанхай кызматташтык уюмунун кезектеги саммитинин алкагында “Улуу достуктун кербени” аттуу гала-концерт өттү. Анда Кыргызстан, Индия, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын чыгармачыл топторунун концерттик программасы көрсөтүлдү.
Иш-чарага Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди, Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Кытай Эл Республикасынын Төгарасы Си Цзиньпин, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиеев, Пакистандын Премьер-министри Имран Хан, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко жана Монголиянын Президенти Халтмаагийн Баттулга күбө болду.
Белгилей кетсек, концерттин көркөм жетекчиси Султан Раев, ал эми башкы режиссеру Алтынбек Максутов.