Жаңылыктар
Көк бөрү: Кыргызстандын "Атуул" командасы биринчи орунду багындырды
Спорт
Көк бөрү: Кыргызстандын "Атуул" командасы биринчи орунду багындырды

Россиянын Сергиев Посад шаарында Чыңгыз Айтматовдун кубогу үчүн көк бөрү боюнча эл аралык мелдеш болуп, анда Кыргызстандын "Атуул" командасы биринчи орунду багындырды. Бул туурасында Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлады.

Эки күчтүү команданын финалдагы оюну элдин бүйүрүн кызытты. Улагы тай казанга жетпей түшүп калып, өзү аттан кулап, атаандашынын колунан жулуп кетип, аябай катуу тирешишти. Эсеп 1:0 менен жыйынтыкталат деп эч ким күтпөсө керек эле. Турнир 2020-жылы жарыялана турчу Кыргызстан менен Россиянын кызматташтык жылына даярдык катары өткөрүлгөн. 

Мелдеш Евразия жана Россиянын "Русский мир" аталышындагы III дене тарбия этнофестивалынын алкагында болгон. Ага Кыргызстандан тышкары Тажикстандын, Өзбекстандын жана Россиянын спортчулары катышкан. Жарым финалда өлкөнүн "Атуул" командасы Россиянын спортчулары менен кез келип, каршылаштарын 17:4 эсеби менен утуп алган. Ошондой эле жарым финалда Тажикстан менен Өзбекстандын улакчылары ойноп, жеңиш 3:2 эсеби менен тажик тарапка берилген.

Финалдык кармашта Кыргызстан Тажикстанды 7:1 эсеби менен утуп, Чыңгыз Айтматовдун кубогуна жана сыйлык катары унаага ээ болушкан. "Атуул" командасында славян тектүү кыргызстандык балдар ойноп келет. Команда быйыл түзүлүп, алдыңкы турнирлерге катышып келе жатат.