Жаңылыктар
"Си Цзиньпин тарыхты баяндайт" аттуу китеп кыргыз тилинде жарык көрдү
Маданият
"Си Цзиньпин тарыхты баяндайт" аттуу китеп кыргыз тилинде жарык көрдү

Шанхай кызматташтык уюмунуна кирген мамлекет башчыларынын кезектеги саммитине карата "Си Цзиньпин тарыхты баяндайт" аттуу китеп кыргыз тилинде жарык көрдү. Китеп Си Цзиньпиндин Кытайда жана чет өлкөдө өткөн иш-чараларда чыгып сүйлөгөн сөзүнүн негизинде жазылган. 

Кытай лидери өлкөсүнүн тарыхы, маданияты, бийликте турган кишилердин адеп-наркы жана моралдык милдети, кылымдардан бери сакталып келген каада-салт сактоо тууралуу айтып келет. Муну менен катар эле конфуция илиминдеги маанилүү делген китептердин бири "Ойлор жана маектер" жыйнагы менен "Конфуций мектебиндеги баяндарга түшүндүрмө" I жана II тому чыкты.