Жаңылыктар
Сооронбай Жээнбеков: "ШКУ өз ара түшүнүшүүнүн жана биримдиктин үлгүсүнө айланды"
Саясат
Сооронбай Жээнбеков: "ШКУ өз ара түшүнүшүүнүн жана биримдиктин үлгүсүнө айланды"

ШКУ эл аралык уюмдун жаңы келбетин түзүп, өз ара түшүнүшүүнүн жана биримдиктин үлгүсүн көрсөтүүдө. Мындай сөзүн президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекте өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кеңири курамдагы жыйынында айтты. Кыргыз лидери кесиптештерине кайрылып, алмашып турган эл аралык абалдын шартында ШКУ дүйнөлүк коомчулукка эл аралык аракеттенишүүнүн жаңы форматын көрсөтүп жатканын белгиледи.

"Ар бир мамлекет өз добушуна ээ жана чечим биргелешип, консенсус менен кабыл алынат. Биздин уюмдун ачыктыгы аны башкаларга жагымдуу кылууда. Жылдан жылга ШКУнун ареалы кеңейип жатат. Евразиядагы ири территорияны ээлеп, ШКУ Хартиясынын, Шанхай духунун принциптерин карманып, ШКУ келечекте көп полярдуу дүйнөнү курууга аянтча боло алат" - деди Сооронбай Жээнбеков.

"Биз биргеликте Евразиядагы макулдашылган, жооптуу жана маанилүү чечимдерди кабыл алуунун борборун түзүп жатабыз. Циндаодогу саммиттен бери өткөн убакытты жыйынтыктап, биздин мындан аркы келечекке көз карашыбызды белгилөөгө уруксат этиңиздер. Өтүп кеткен жыл ШКУнун негизги принциптеринин кыйышпастыгын көрсөттү. Биз эл аралык уюмдун жаңы келбетин түзүп, өз ара түшүнүшүүнүн жана биримдиктин үлгүсүн көрсөтүп жатабыз. Ал толугу менен БУУнун Уставында жана башка документтеринде бекитилген эл аралык укуктун жалпы таанылган максаттарына жана принциптерине толугу менен шайкеш келет",- деп белгиледи Пезиденти Сооронбай Жээнбеков.