Жаңылыктар
ШКУга төрагалык кылуу Россияга өттү
Саясат
ШКУга төрагалык кылуу Россияга өттү

Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны аяктады. Кыргызстан төрагалык кылган саммит «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында бүгүн, 14-июнда алгач тар курамда болуп, андан кийин кеңейтилген курамда уланды.

ШКУга төрагалык кылуу вазийпасы Орусия өттү. Шанхай Кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Бишкектеги жыйынына Сооронбай Жээнбеков уюмга төрагалыкты Россияга өткөрүп берди.

Эске салсак, ШКУга 8 мамлекет мүчө. Алар Индия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан. 4 өлкө Ооганстан, Белоруссия, Иран жана Монголия байкоочу макамына ээ. 

Бишкек саммитине Индия Республикасынын Премьер-министри Нарендра Моди, Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин, Пакистандын Премьер-министри Имран Хан, Россиянын Президенти Владимир Путин, Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон жана Өзбекстандын лидери Шавкат Мирзиеев катышты. 

Саммитке Ооганстан, Белоруссия, Иран жана Монголиянын президенттери менен бир катар эл аралык уюмдардын жетекчилери байкоо салды.