Жаңылыктар
Бишкекте кан донору болууга үндөгөн акция өттү
Ден соолук
Бишкекте кан донору болууга үндөгөн акция өттү

Бишкекте кан донору болууга үндөгөн акция өттү. Аны Саламаттык сактоо министрлиги Кызыл ай коому менен бирге уюштурду. Донорлордон чогултулган кан оор илдетке жана кырсыкка кабылган, кан көп жоготкон адамдарга чукул жардам берүүдө колдонулат. Акцияга 18 жаштан 60 чейин жарандар катышуусу болот. Өлкөдө азыр 4 миңге чукул ардактуу донор бар.

"Донор болом дегендер салмагы 50 кг ашык болуш керек, жанында паспорту болуусу зарыл. Кан тапшырууга бир кун эрте алкоголь ичимдик жана дары ичпөө керек,- деди акциянын уюштуруучусу Бермет Алыйманова.  

"Мен жыл сайын канды тапшырам, мен канга муктаж болгон адамдарга жардам бергим келет, мындан улам бул ден соолукка да пайдалуу",- деди донор Тимур Жуманалиев.