Жаңылыктар
Бишкекте жылытуучу радиатор чыгарган завод ишке кирди
Экономика
Бишкекте жылытуучу радиатор чыгарган завод ишке кирди

"700гө  чейинки жумуш орду бар ишканаларга басым жасоо зарыл". Бул тууралуу Премьер-министр  Мухаметкалый Абылгазиев Бишкектеги жылытуучу радиатор чыгарган заводду ишке киргизүү аземинде билдирди. Өкмөт башчынын белгилешинче, экономикадагы ар кандай көрүнүштөргө  туруштук берип кете турган ишканаларгы көңүл буруу керек.

"Бүгүнкү чыгып жаткан продукция коңшу мамлекеттерде  жок,  жаңы технологиядагы продукция.  700дөй жумушчу орун түзүлүп жатат. ЕАЭБге киргенде  ушул ишканадан чыга турган продукцияда  Казакстан, Белоруссия, Армения рыногунда салыктары жок сатылат" деп билдирди Өкмөт башчы.

 Эске салсак, Бишкектеги Эркин экономикалык аймакта жылытуучу радиатор чыгарган  завод ишке берилди. Аны   салууга 40 миллион доллар инвестиция катары салынды, 500 жумуш орун түзүлөт.  Мында буга чейин өлкөдө  чыга  элек жылытуучу радиаторлор чыгарыла  баштайт.