Жаңылыктар
Ленин райондук сотунда мурдагы шаар башчылар ишин кароо улантылды
Кылмыш
Ленин райондук сотунда мурдагы шаар башчылар ишин кароо улантылды

Бишкектин Ленин райондук сотунда мурдагы шаар башчылар Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун ишин кароо улантылды. Кезектеги отурумда айыпталуучулардын жактоочусу Сергей Слесарев мектептин курулушуна байланыштуу эпизод боюнча экспертизанын материалдарын кылмыш иштин курамынан алып салууну өтүндү. Ал буга экспертизанын жүрүшүнө Кубанычбек Кулматов катышпаганын жүйө келтирди. Өтүнүчтү караганы кеткен судья Кубанычбек Касымбеков кеңешүү бөлмөсүнөн келгенден кийин жактоочунун өтүнүчүн четке какты. Судья буга өкүм чыккан учурда баа берилери менен түшүндүрдү. 

Эскерте кетсек, Кубанычбек Кулматов "Калыс-Ордо" конушундагы мектепти курууга кеткен 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деп күнөөлөнгөн. Албек Ибраимовго «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган. Мындан тышкары эки мэрдин ишине байланыштуу дагы ондон ашык кишиге айып коюлган. Алардын мамлекетке келтирген зыяны ондогон миллион сом деп эсептелет.