Жаңылыктар
Президент баалуу казагдар тууралуу мыйзамга кол койду
Экономика
Президент баалуу казагдар тууралуу мыйзамга кол койду

Президент Сооронбай Жээнбеков «Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Мыйзамга кол койду.  

Мыйзам менен «Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө» Мыйзамы жаңы 392-берене менен толукталды. Анда камакка алынган баалуу кагаздарды жоюу, алар боюнча кирешелерди төлөө  аракеттерди жасоонун тартиби аныкталды.  

Кабыл алынган документке   ылайык, баалуу кагаздарды камакка алууда аларды  алмаштыруу, жоюу жана алар менен башка аракеттер камакка алуу жөнүндө чечим жокко чыгарылганга чейин токтотулуп турат. Эгерде баалуу кагаздар камакка алынганда, шектүү, айыпталуучу баалуу кагаздардын менчик ээси болгон учурда, менчик ээсине кирешелерди төлөө камакка алуу жөнүндө чечим жокко чыгарылганга чейин токтотулат.