Жаңылыктар
Индиянын текстиль продукцияларынын көргөзмөсү Бишкекте өтөт
Экономика

ШКУга мүчө өлкөлөрдүн Мамлекет башчыларынын Кеңешинин Бишкекте өтө турган жыйынын улай Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин расмий иш сапары болот. Иш сапардын алкагында белгиленген текстиль продукцияларынын көргөзмөсү Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз драма театрында башталды. 

Хаджи Бадша Индиядагы текстиль ишканасынын өкүлү. Алар түрдүү кездеме менен катар жибектен, тыбыттан жана жүндөн өндүрүлгөн кийимдерди, буюмдарды жасашат. Колдонгон түркүн түстүү өңдөр дагы, эч кандай кошулмасыз накта боёктор менен кооздолот. Хаджи сыяктуу индиялык уздардын колдорунан жаралган эмгектер, Бишкек шаарында өтүп жаткан “Кыргыз-Индия боектору жана узчулук өнөрү” деп аталган көргөзмөгө коюлду. Анда эки мамлекеттин 200 дөн ашык экспонанттары: салттуу кездемелери жана кол өнөрчүлүк буюмдары бар.

Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин расмий иш сапарынын алкагында уюштурулуп жаткан иш чара, Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы достук жана өз ара ишенимдүү кызматташтыктын үзгүлтүксүз бекемделишине шарт түзөт. Байыртадан эле башталган кыргыз-индия кызматташтыгы убакыттын өтүшү менен улам жаңы бийиктиктерге чыгып келет. Бул жолку өткөрүлүп жаткан биргелешкен көргөзмө дагы эки мамлекеттин мындан аркы маданий алакасын чыңдоого багытталат. Негизинен Индия өлкөсү кездемелерди чыгаруу жана алардын сапаты боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат. Андыктан мындай иш-чараларды өткөрүү албетте Кыргызстандын экономикасына да түздөн түз таасирин тийгизет.

Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз драма театрында өтүп жаткан көргөзмө 24-июнга чейин созулат. Ал эми Нарендра Модинин Индиянын премьер-министри болуп кайра шайланышынан кийинки эл аралык биринчи сапары Кыргызстанга жасалып жаткандыктан, тараптар бул сапарды өткөрүүгө өзгөчө маани беришүүдө. Сапардын алкагында текстиль продукцияларынын көргөзмөсү менен бизнес-форумдан сырткары тар жана кеңири форматта сүйлөшүүлөр өтөөрү белгиленген.