Жаңылыктар
ӨКМ: жакынкы күндөрү айрым аймактарда жер көчкү жана сел жүрүү коркунучу бар
Өзгөчө кырдаал
ӨКМ: жакынкы күндөрү айрым аймактарда жер көчкү жана сел жүрүү коркунучу бар

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жакынкы күндөрү айрым аймактарда жер көчкү түшүү жана сел жүрүү коркунучу бар экенин эскертет. Мындай чукул кырдаалдар Чүй, Талас, Жалал-Абад жана Баткен облустарында сакталат. 

18-апрелде Ала-Бука районундагы дайранын суусу жээктен ашып, жолдорду жууп кеткен. Кең-Кол айылындагы жолдун 2,5 чакырымы иштен чыгып, суу каптоо маалында 25 автоунаа жабыркагандыгы белгилүү болду.

 


Келтирилген зыян 110 миң сом деп эсептелди. Суу жээгине жанаша жайгашкан таза булак талкаланып, суусу ичүүгө жараксыз болуп калган. Суусуз калган 80 чарбадагы зыян 380 миң сом. Өрүктү айылында 5 үй жана алты чарба жабыркаган, 27 чарба таза суусуз калган, 450 метр канал жараксыз абалга кептелген. 

Нөшөр жаандын кесепетинен Бишкек - Ош жолунун 121-137 жана 198-250-чакырымдарында каттам жабылган. О.э Каракол - Эңилчек унаажолунун 75-85- чакырымдары жабыркаган. Бул арада Бишкек - Ош унаажолунда кар көчкүсүн түшүрүү аракети уланууда.