Жаңылыктар
Борбордо "Көп кырдуу цивилизация - бирдиктүү жол" көргөзмөсү ачылды
Маданият
Борбордо "Көп кырдуу цивилизация - бирдиктүү жол" көргөзмөсү ачылды

 Бишкекте ШКУнун саммитинин алкагында заманыбыздын алп сүрөтчүлөрүнүн эмгектери коюлган сүрөт көргөзмө ачылды. 

Анда 25 өлкөнүн алдыңкы сүрөтчүлөрү 100гө жакын композицияларын кыргызстандыктарга тартуулады. 

 Көргөзмө "Көп кырдуу цивилизация - бирдиктүү жол" деп аталды. 

Ага Кытай, Украина, Индия, Польша, Түркия, Италия, Кыргызстан жана бир катар мамлекеттердин сүрөтчүлөрү катышты. Алардын бири украиналык Остап Ковальчук. Сүрөт чебери кыргызстандыктарга Кыргызстандын сүрөтүн тартып келген. 

Көргөзмөгө жалпы 20дан ашык өлкөнүн сүрөтчүлөрүнүн 100гө жакын эмгектери коюлду. 

Бул көргөзмө кыргызстандыктардын заманыбыздын мыкты сүрөтчүлөрүнүн эмгектери менен таанышууга шарт түздү.