Жаңылыктар
ШКУнун мамлекет башчыларынын кезектеги жыйыны жемиштүү аяктады
Саясат
ШКУнун мамлекет башчыларынын кезектеги жыйыны жемиштүү аяктады

Шанхай кызматташтык уюмунун Кыргызстандагы саммити дүйнөдө саясий тирешүүлөр, экономикалык атаандаштыктан улам келип чыккан пикир келишпестиктер күчөп турган учурга туура келди. 

Мындан улам дүйнө лидерлеринин Бишкектеги билдирүүлөрүнө эл аралык коомчулук кулак төшөдү. 

Саммитке уюмга мүчө 8 мамлекеттин жетекчилери жана байкоочу макамына ээ өлкөлөрдүн башчылары катышты. ШКУ кызматташуунун багыттарын тандабайт. Бардык маселелерди талкуулоого, чечим кабыл алууга даяр аянтча. Муну өнөктөш уюмдардын өкүлдөрү чакырылганынан байкоого болот. ЕАЭБ, ЖККУ, КМШнын катчылары, Бириккен улуттар уюмунун тиешелүү кызмат адамы да келди.

Жыйынга катышкан бардык өлкө лидерлери сөз сүйлөп, саммитке жогору баа беришти. Кытайдын төрагасы Си Цзинпин өз өлкөсү уюмга мүчө бардык тараптар менен алаканы арттыраарын белгилеп, ынтымакка байланыштуу кыргыз макалын эске салды.

Россия президенти Владимир Путин террорго байланышкан көйгөйлөргө көбүрөөк токтолду.

“Терроризм менен экстремизмге каршы күрөш эң маани бере турган милдет бойдон кала берүүдө. ШКУнун антитеррордук түзүмдөрүнүн алкагындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү зарыл деп эсептейбыз. Согушчулардын баңгизаттарын сатуу аркылуу топтой турган киреше булактарына бөгөт коюшубуз керек. Биологиялык, химиялык жана башка массалык кыргын салуучу куралдар аларды колуна тийбеши үчүн зарыл болгон бардык чараларды колдонобуз”, - деп билдирди өз сөзүндө Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин.

Пакистандын премьер-министри Имран Хан Кыргызстанга болгон суктануусун жашырган жок.

“Кыргызстандын кооздугу жана салт-санаасы Шанхай кызматташтык уюмунун бермети. ШКУнун бермети болуп калды. Биз өлкөңүздөрдөгү өзгөчө дөөлөттөрдү көрүп турабыз. Мындан аркы саммиттер да бардык тараптарга жагымдуу таасир калтырат деп ишенем. Жыйын натыйжалуу болду”, - деп билдирди.

Жетишилген келишимдер ШКУнун мындан аркы багыттарын аныктады. Бишкек декларациясы менен бирге баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы биргелешип күрөшүү, санариптешүү жана маалыматтык-технологиялар, айлана-чөйрөнү коргоо, туризм, айыл чарба тармактарындагы кызматташуу жана башка 22 документке кол коюлду. Алардын катарында террорго каршы турган “ШКУ - Ооганстан” тобунун жол картасы боюнча чечим да бар. 

Уюмга мүчө өлкөлөрдүн тиешелүү мекемелери дене тарбия, саламаттык сактоо сыяктуу бир катар тармактарда байланышты бекемдейт. 

ШКУга төрагалык кылуу Россияга өткөрүлдү.