Жаңылыктар
Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовду замандаштары эскеришти
Кыргызстан жаңылыктары
Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовду замандаштары эскеришти

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовду замандаштары эскеришти. Анткени улуу талант 2008-жылдын дал ушул 14- июнунда акыркы сапарга узатылган. 

Кара сөздүн чебери Айтматовдун ураматына арналып, Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрында "Саманчынын жолу", "Гүлсарат" повесттеринин негизинде сахналаштырылган спектаклди артисттер эмес, сот кызматкерлери аткарышты. 

Белгилей кетсек, эскерүү иш-чарасы Жогорку Соттун, Бишкек шаардык сотунун, Улуттук Илимдер академиясынын Чынгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун жана академик Абдылдажан Акматалиевдин демилгеси менен уюштурулду.