Жаңылыктар
Ишкерлерди колдоого Индия тарап 200 миллион доллар насыя бөлөт
Экономика
Ишкерлерди колдоого Индия тарап 200 миллион доллар насыя бөлөт

Бишкекте кыргыз-индия бизнес-форуму уланды. Анда эки өлкөнүн ишкерлери инвестициялык долбоорлор менен таанышып, биргелешип иш алып баруу боюнча мүмкүнчүлүктөр тууралуу кеңири маалымат алышты. Иш-чарага Кыргызстанда ишкерлик жүргүзүүгө кызыкдар индиялык ири компаниянын өкүлдөрү жана кыргызстандык ишкерлер, мамлекеттик мекемелердин адистери катышты.

Форумдун экинчи күнүндө ишкерликке байланыштуу кеңири талкуу жүрдү. Кыргызстан тарап кайсы тармактарга инвестиция салууга боло турганын маалымдап, долбоорлорду сунуштады. Индиялык чоң компаниялар соода-алаканы бекемдөөгө, биргелешип иштөөгө кызыкдар. Алар кыргыз ишкерлери да аракеттенүүсү керек деген ойдо.

Кыргызстанга болгон сапары учурунда Индиянын премьер-министри Нарендра Моди эки тараптуу долбоорлорду ишке ашырууга Индия тарап 200 млн. доллар насыя бөлө турганын билдирген. Бул ишкерлерди колдоого каралган жеңилдетилген насыя болуп эсептелет. Форумга катышып жаткан кыргыз ишкерлери мамлекет башчысы тарабынан ишкерлерге көңүл бурулуп жатканы ийгиликтерди алып келет деген ишенимде.