Жаңылыктар
Баткендин Чет-Булак конушунда суу көйгөйү качан чечилет?
Аймак
Баткендин Чет-Булак конушунда суу көйгөйү качан чечилет?

Баткен шаарынын Чет-Булак жаңы конушу 2012-жылы түптөлгөн. Бирок конуштун суу маселеси курч бойдон калууда. Четбулактыктар ичүүгө да, сугатка да сууну ташып колдонуп убара. Азыр эми бул маселени чечүү үчүн жергиликтүү бийлик миң кубдук суу кампасын куруп баштады. 

Долбоор боюнча суу кампасынан кожолуктарга чейинки аралыкка суу куурларын жеткирүү каралган эмес. Мындан шарт Европа реконструкциялоо банкы тарабынан бөлүнүүчү каражаттын кийинки этабында аткарылат.

Ар бир короого чейин суу киргизүү жагы, 2020-жылы бюджеттен каражат бөлүнсө, анан ишке ашаарын жергиликтүү бийлик билдирет. Ал үчүн жергиликтүү кеңештин депутаттарынын чечими керек. Болбосо, 2021-жылга болжолдонуп жаткан Таза суу долбоорунун 2-этабы аркылуу ишке ашат.