Жаңылыктар
Россия жана Евразия өлкөлөрүнүн улуттук спорт оюндарынын үчүнчү фестивалы өттү
Спорт
Россия жана Евразия өлкөлөрүнүн улуттук спорт оюндарынын үчүнчү фестивалы өттү

Россиянын Сергиев Посад шаарынын Благовещенск талаасында Россия жана Евразия өлкөлөрүнүн улуттук спорт оюндарынын үчүнчү “Орус дүйнөсү” фестивалы өттү. Ат үстүндө ойноо, тай боксу, эркин күрөш жана башка оюндар боюнча кызыктуу таймаш өтүп, өзгөчө көк бөрү оюнунун финалдык таймашы элдин бүйүрүн кызытты.

Сергиев Посад шаарында өткөн улуттук спорт оюндарынан үчүнчү “Орус дүйнөсү” фестивалынын катышуучуларынын саны 15 миңден ашты. Фестивалдын алкагында турнирлер, семинарлар менен чебер класстар кошо өттү. Спорт сүйүүчүлөрү үчүн “Орус дүйнөсү” менен жакындан таанышууга сонун мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Жыгачтан жасалган сувенирлер, зер буюмдар, улуттук даамдар. Фестивалдын жүрүшүндө тигилген 30 чатырда, ар улуттун кол өнөрчүлүгү менен устачылыгынан жаралган, не бир деген кооз буюмдарды көрүүгө болот. “Орус дүйнөсү” фестивалы – спорттук иш чара болгондуктан, улуттук спорт оюндары боюнча мелдештер орун алды. Өзгөчө ат үстүндөгү оюндар кызыгуу жаратты.

Фестивалдын алкагында Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган көкбөрү боюнча эл аралык турнир өттү. Ага Кыргызстандан, Тажикстандан, Өзбекстандан жана Россиядан төрт команда катышты. Мелдешке катышуу үчүн Кыргызстандан «Атуул» командасы келген. Баш байгеге автоунаа коюлган. Ат жалында ойногон жигиттер менен оюнга мыкты даярдалган аргымактар да, эч кимди кайдыгер калтырган жок.

Быйылкы фестивалга 15 миң адам катышты. Жалаң гана Россиядан эмес, өзүнүн каада-салт, үрп-адаттары менен кенен таанышытырып, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандан дагы коноктор келген. Благовещенск тааласында боз үйлөр тигилип, фестивалдын конокторуна улуттук даамдар тартууланып, кыргыз меймандостугу, маданияттын бай көрөңгөсү чагылдырылды. Фестивалда өзгөчөлөнгөн катышуучулар Россиядагы Кыргыз элчилиги тарабынан белгиленди.

“Орус дүйнөсү" фетсивалын өткөрүү идеясы 3 жыл мурда пайда болгон. Жыл өткөн сайын катышуучулардын саны артып, кызыктуу саамалыкка айланууда. Эске сала кетсек, эки жылдан кийин Россияда улуу князь Александр Невскийдин 800 жылдыгы белгиленет. Уюштуруучулар бул датага карата “Орус дүйнөсү” фестивалы борбордук аянтчага айланат деген ишеничте.