Жаңылыктар
Сузактагы селден бир нече турак-жай жабыркады
Өзгөчө кырдаал
Сузактагы селден бир нече турак-жай жабыркады

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда да сел жүрүп, бир катар короо-сарай, 15тей турак жай жана мектеп короосу жабыркады. Боз-Чычкан айылындагы каналдын суусу деңгээлинен көтөрүлүп, Ынтымак атындагы мектептин короосун, спортзалын жана окуу класстарын суу каптаган. Ошондой эле Кара-Жыгач айылындагы 12 турак үй, Комсомол айылындагы 3 үй жабыркады.

Селдин кесепетинен Ош облусунун Кара-Суу районунда 20 баш мал өлдү. Жаратылыш кырсыгы Папан айылдык округундагы Жаңы-Айыл, Күмбөз, Бодур-Таш аймактары жана Төлөйкан айылдык округундагы Кара-Кысмак аймагында катталды.

Кырсык болгон аймакка министр Кубатбек Боронов барып, абал менен таанышып, жеринде тиешелүү тапшырмаларды берди.