Жаңылыктар
Айыл чарбасын каржылоого 4 миллиард сомдон ашык насыя берилди
Айыл чарба
Айыл чарбасын каржылоого 4 миллиард сомдон ашык насыя берилди

2019-жылдын 7-июнуна карата "Айыл чарбаны каржылоо - 7" долбоорун ишке ашыруунун алкагында 4 миллиард 294,7 миллион сомго насыя берилди. 

Анын ичинен өсүмдүк өстүрүүгө 956,1 миллион сомго 2 528 жеңилдетилген насыя, мал чарбачылыгына - 2 миллиард 532,4 миллион сомго 6 555 жеңилдетилген насыя жана кайра иштетүүгө жана айыл чарбасындагы кызмат көрсөтүүлөргө - 806,2 миллион сомго 223 жеңилдетилген насыя берилди.