Жаңылыктар
УКМК: Илмияновго карата тергөө иштери аяктады
Коррупция
УКМК: Илмияновго карата тергөө иштери аяктады

Кыргыз Республикасынын УКМК Тергөө башкы баршкармалыгы тарабынан И.С. Илмиянов тарабынан алдоо жолу менен 150 миң АКШ доллар акча каражатын мыйзамсыз ээлеп алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш-ишин тергөө аяктады. 

2019-жылдын 10-июнундагы тергөөнүн жыйынтыгында И.С. Илмиянов Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренсинин 3-бөлүмү (өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) боюнча кылмыш жасагандыгы тууралуу маалымдалып, андан кийин тергөө аягына чыккандыгы жарыяланды.

Азыркы учурда И.С.Илмиянов жана анын жактоочусу козголгон ишинин материалдары менен таанышып жатат.