Жаңылыктар
Москва шаарында саха элинин "Ысыах" майрамы белгиленди
Мекендештер
Москва шаарында саха элинин "Ысыах" майрамы белгиленди

Москва шаарында саха элинин "Ысыах" аттуу майрамы өттү. Бул майрам жаратылыш жанданып, жайдын келиши утурлай майрамдалат.12 жыл мурда “Коломенск” музей-коругунда якут элинин меймандостугун чагылдырган Сэргэ деп аталган мамы орнотулуп, бул жер Россия элдеринин көп жылдык достугунун символу болуп калган.  Мамынын орнотулушу менен жыл сайын орус жергесинде Ысыах майрамын белгилөө салтка айланган.

Байыркы Ысыах майрамында Саха элинин уникалдуу маданияты менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.  Майрам, бата берүү якут тилинде алгыс деп аталган жөрөлгө менен башталды.

Алгысчы Велентин карыя якут эпосу Олонхону да айта билет. Ал Кыргызстанда бир канча ирет болуп, кыргыз элинин каада-салты менен таанышып, “Манас” эпосу тууралуу да маалыматы бар экен. Аны көп улуттар өз элинин тарыхый баалуулуктарын унуткарып баратканы ойлондурат.

Ысыах-2019 майрамын бул ирет Алдан районунун тургундары уюштурган. Белгилей кетсек, Саха Якутия республикасынын башчысы бул жылды  биригүүнүн жылы деп атап, бардык жарандарды жана конокторду ар дайым ынтымакта болууга үндөгөн. Майрамга катышкан ар улуттун өкүлдөрү кол кармашып, биримдиктин улуу күчүн көрсөтүп беришти. Бул жерден кыргыз улуттук кийимин кийген мекендешибизди да жолуктурдук.

Ысыах майрамы белгиленип жаткан жерге келгендердин көбүн эңилчек жуушап жаткан ача мүйүздүү бугулар кызыктырды. Жери кең, көпкөк болгон көлдөрү, аппак күрткүсү, тегерете токою. Мунун бары бул майрамда алыскы Якутияны кадимкидей жакындаткандай болду.