Жаңылыктар
«Коопсуз шаар» долбоору ишке ашпай токтоп турат
Кыргызстан жаңылыктары
«Коопсуз шаар» долбоору ишке ашпай токтоп турат

Кыргызстанда «Коопсуз шаар» долбоору соттук териштирүүлөрдөн улам ишке ашпай токтоп турат. Маалыматка ылайык, учурда аталган долбоорду ишке ашыруу боюнча өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгын жокко чыгаруу тууралуу маселе сотто каралууда. Ал арада өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков, долбоорду жакын арада ишке ашыруу талабын коюуда.
Кыргызстанда бир нече жылдан бери «Коопсуз шаар» долбоору ишке ашпай жатат. Долбоор боюнча эки ирет тендер өткөрүлүп, экөөндө тең мыйзам бузуулар менен коштолгон деп жокко чыгарылган. Ички иштер министрлиги акыркы тендерде утуп алган орусиялык Стилсофт компаниясын жалган документтерди пайдаланган жана айрым маалыматтарды жашырган –деп алар менен соттошууда. Ал эми аталган Орусиялык компания министрликтин дооматтарын четке кагып келет.  Ички иштер министри Мелис Турганбаев уткан компаниянын иштешине макулдугун берген эмес. Анткени министрлик тендер жемкорлук иштери менен коштолгонун билдирип, аталган долбоорду өз күчү менен ишке ашырууга бел байлаган.

Мелис Турганбаевдин билдирүүсү боюнча,  тендерди жеңүүчү компания көрсөтүлгөн долбоорду 65 млн АКШ долларына ишке ашырууну сунуштаган. Ал эми коңшу өлкөлөрдө бул сыяктуу долбоорлор бир топ төмөнкү суммада ишке ашырылып жатканына күбө болуудабыз-дейт министр. Бул тууралуу ал өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушуудан кийин билдирди.

Планга ылайык , долбоор 3 этапта жүргүзүлмөк. Биринчи этапка Бишкек  экинчи Ош , үчүнчү Бишкек-Каракол шаарлары киргизилген. Долбоор  алкагында Бишкек, Ош шаарларында, Бишкек — Каракол жана Бишкек — аэропорт "Манас" жолдору жабдылат. Көзөмөл камералары көчөлөрдүн кесилишинде эле эмес, сейил бак жана эс алуу аймактарында дагы орнотулмакчы. Коомчулук дагы бул долбоор качан ишке ашыт –деп чыдамсыздык менен күтүүдө.

Азыркы тапта Бишкек-Сокулук жолуна камералар коюлуп, жол эрежесин бузган фактылар аныкталууда.Ички иштер министрлигинин  башкы штабынын жетекчиси Бактыгул Абдыжалиевдин айтуусунда,  комплекс текшерүудөн өтүп, расмий иштей баштады. Бир күндө  айдоочуларга 1000ге чукул билдирүү жөнөтүлөт.

Эске салсак, «Коопсуз шаар» сыяктуу долбоор Тажикстанда 22 млн долларга, Казакстанда 25 млн долларга ишке ашырылган. Бул долбоор иштегенден кийин аталган өлкөлөрдө кылмыштуулуктун деңгээли кыйла азайганы айтылып келет. Кыргызстанда   2012-жылы  башталган “Коопсуз шаар” долбоору тендердин туура эмес жүргөндүгүнө   байланыштуу бир канча  жылдан бери ишке ашпай токтоп турат. Ал арада өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков  долбоорду жакын арада ишке ашыруу талабын коюуда.

М.Абдраманова, “Биринчи радио”