Жаңылыктар
Өзбекстанда Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы башчысы камалды
Коррупция
Өзбекстанда Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы башчысы камалды

Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы башчысы камакка алынды. 53 жаштагы Ихтиёр Абдуллаевдин камоого алынганын Өзбекстандын Башкы прокуратурасы расмий бышыктады. 

Маалыматка караганда, Абдуллаев менен анын орун басары Эгамовго, ошондой эле дагы онго жакын кызмат адамына "Кызмат абалынан кыянат пайдаланган" жана "Пара алган" деген негизде кылмыш иши козголгон. 

Белгилей кетсек, Абдуллаев өлкөнүн Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы болуп 2018-жылы январдын аягында дайындалган. Ага чейин башкы прокурор жана президенттин мамлекеттик кеңешчиси болуп иштеген.