Жаңылыктар
Баткен курагак жемиштери дүйнө жүзүнө экспорттолот (статистика)
Экономика
Баткен курагак жемиштери дүйнө жүзүнө экспорттолот (статистика)

Баткендик дыйкандар  АКШга 25 тонна кургатылган өрүк экспорттоду. Мындан тышкары  Баткен районундагы  Дара, Төрткүл,  Кара-Бак айыл өкмөттөрүндөгү айылдык товарөндүрүүчүлөрү  Россиянын Новосибирск,Омск, Томск облустарына жана Казакстандын Нур-Султан шаарына 194 тонна ак өрүк экспорттолууда. 

Баткендик өрүктөрдү Украинадан да кездештирсе болот.  Ал жака жыл башынан  30 тонна кургак кара өрүк жана 14 тонна кургак абрикос ташылган. Ал эми Москва жана Санкт-Петербург шаарларына 42 тонна кургатылган жемиштер экспорттолгон.