Жаңылыктар
Ошто палоо фестивалы өттү
Аймак
Ошто палоо фестивалы өттү

 Султан Ибраимов атындагы Ош Улуттук Драма театрынын алдында палоо фестивалы өттү.  Иш-чаранын максаты Кыргызстанда күрүч эккен Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы палоону даярдоонун салттары жана өзгөчөлүктөрү менен тааныштыруу болгон.  

Меймандар палоону даярдоонун ар кандай ыкмалары менен таанышты. “Эң даамдуу палоо” номинациясында Ош, кызыл-Кыя жана Өзгөн шаарынан келген катышуучулар мыкты деп табылган. Фестивалдын жүрүшүндө аймактын мыкты ашпозчулары мастер-класстарды өтүп, тамак аш даярдоонун сырлары менен бөлүштү. Андан тышкары, күрүчтүн ар түрдүү сортторунун өзгөчөлүктөрү жана анын кыргыз экономикасына кошкон салымы тууралуу маалымат берилди.