Жаңылыктар
Менталдык арифметика боюнча олимпиада өтүүдө
Билим
Менталдык арифметика боюнча олимпиада өтүүдө

Ысык-Көлдө менталдык арифметика боюнча олимпиада өтүп жатат. Монголия, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан жана Кыргызстандын жаш математиктери эсеп чыгаруудан күч сынашууда. Олимпиадага жалпы 500дөн ашык бала келип, учурда айрым категорияларда жеңүүчүлөр аныкталды. 

Белгилей кетсек, Менталдык арифметиканы өнүктүрүү үчүн алгачкы Дүйнөлүк интеллектуалдык спорт федерациясы Кыргызстанда түзүлдү. Бул федерациянын алгачкы иш-чарасы. Менталдык арифметика баланын ой жүгүртүүсүн, логикасын өстүрүп, эс тутумун жакшыртат. Учурда Кыргызстанда бул усул айрым мектептерде сабак катары окутула баштады.

"Менталдык арифметика боюнча олимпиада биринчи жолу мындай форматта өтүп жатат. Биз башка өлкөлөрдөн келген балдар Кыргызстандын кереметин көрүп кетсин деп, атайын күн жылыганда Ысык-Көлдүн жээгинде өткөрүп жатабыз. Жыйынтыктар 18-июнь күнү чыгарылат",- деди уюштуруучу Бактияр Сыдыков.