Кыргызстандык Талант Дүйшөбаевдин улуу баласы Алекс гандбол боюнча Европа Кубогун жеңип алды.
Турнир 2018-жылдын октябрь айында 4 кураманын катышуусунда башталган. Анда курамалар бири-бири менен өз үйүндө жана конок катары ойноду.
13-июндан 16-июнга чейин жыйынтыктоочу тур болуп өттү. Анда Алекс Дүйшөбаев ойногон Испания курамасы Швеция курамасын 33:25 эсеби менен утту.
Ал эми акыркы турда Испания менен Норвегия беттешкен. Оюндун биринчи бөлүгү тең чыгуу менен аяктап, экинчи бөлүгүндө Алекс Дүйшөбаевдин командасы атаандашын 31:30 эсебинде жеңип алды.