Жаңылыктар
Нарын дарыясына чөгүп кеткен кыз изделүүдөө
Кырсык
Нарын дарыясына чөгүп кеткен кыз изделүүдөө

Аксы районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн Нарын айылындагы Нарын дарыясына 15 жаштагы кыз чөгүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, сууга Д.З. аттуу кыз чөгүп кеткен. Издөө иштерин жүргүзүү үчүн жалпы 12 куткаруучу, ИИМден 3 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 15 адам тартылган. Түн киргенине байланыштуу саат 21:10 чамасында издөө иштери убактылуу токтотулган. Кызды издөө иштери бүгүн да улантылат.