Жаңылыктар
Депкомиссия Атамбаевди оор кылмыш иштерине байланыштуу айыпташты
Саясат
Депкомиссия Атамбаевди оор кылмыш иштерине байланыштуу айыпташты

Экс-президент Алмазбек Атамбаевге карата кылмыш козгоого негиз боло турган тогуз фактыны депутаттык комиссия таап чыкты. Комиссиянын мүчөсү Талант Мамытов кол тийбестиктен ажыратуу жөнүндө демилге көтөргөн депутаттардын кайрылуусун окуду. Анда демгилечи депутаттар экс-президент Алмазбек Атамабаевди оор кылмыш иштерине байланыштуу айыпташкан. 

Тактап айтканда, кайрылууда «Атамбаев премьер-министр болуп турганда Орусиянын жарандарына 123 курал берген, анын арасында кылмыштуу топтун мүчөлөрү болгон. Кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушуна тиешеси бар жана анда коррупциялык иштер орун алган дешет эл өкүлдөрү. Мындан сырткары 35 жана 65 гектар айдоо аянттары мыйзамсыз трансформацияланган. Кой-Таш айылындагы салган тамынын жери да мыйзамсыз алынган. Бишкек Жылуулук электр борборун оңдоп-түзөөдөгү коррупциялык иштерге аралашкан. Акча адалдаган «Ака инвест» жана «Текесай Жаштары» компанияларына тиешеси болгон. Ошондой эле Бишкекке көмүр жеткирүүчү компаниянын кызыкчылыгын сүрөгөн. Атамбаев бийликте туруп анын бийлигине каршы чыккан саясатчыларды, журналисттерди куугунтуктаган» деп айтылат. 

Мунун алдында депутат Канатбек Исаевдин Атамбаевдин кол тийбестигин алуу боюнча сунушун Жогорку Кеңештин 60 депутаты колдоп, кол коюп бергени айтылган. Белгилей кетсек, парламент 13-июнда Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратууга байланыштуу комиссия түзгөн. Бир топ депутаттар мурдагы президенттин 8-июндагы митингде айткан сөздөрүн сындап, ал чуулгандуу иштер үчүн жооп бериши керек экенин билдиришти.