Жаңылыктар
Октябрь райондук администрациясынын кызматкери пара менен кармалды
Коррупция
Октябрь райондук администрациясынын кызматкери пара менен кармалды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук администрациясынын бөлүм башчысы 14 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Ал Бишкектеги базарлардын бирине соода кылууга уруксат берүү үчүн үч айдан бери М.А. аттуу жеке ишкерден мыйзамсыз акча талап кылып келген. 

Буга нааразы болгон ишкер арызы менен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына кайрылып, мыйзамсыз акча талап кылып жаткан калаадагы Октябрь акимиатынын кызматкерине чара көрүп берүүнү өтүнгөн. Кармалган кызматкер ордо калаада №1 убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.