Жаңылыктар
УКМК: "Кыргыз темир жолу" бюджетке чыгым келтирди
Кылмыш

"Кыргыз темир жолу" ишканасы бюджетке 69 миллион сом чыгым келтирген. Мекеменин айрым кызматкерлери жалпысынан 432 миллион сомго - 150 даана универсалдуу темир жол вагондорун сатып алуудагы сынакта мыйзам талаптарды бузган. 

Бюджеттик каражат үнөмдөлбөй колдонулгандыктан бул факты боюнча кылмыш иши козголгон. Азыркы убакта УКМКнын тергөө башкармалыгы тарабынан тиешелүү ыкчам тергөө иштери жүрүп жаткандыгын атайын кызматтан билдиришти.