Жаңылыктар
Депкомиссия Атамбаевдин иштерин иликтей баштады
Кыргызстан жаңылыктары
Депкомиссия Атамбаевдин иштерин иликтей баштады

Шамил Атаханов Батукаевдин бошотулушуна экс-президенттин тиешеси бар экенин айтып көрсөтмө берген. Бул тууралуу Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу маселесин караган депутаттык комиссиянын отурумунда белгилүү болду. Жыйынга тергөө органдарынын өкүлдөрү катышып, депутаттардын суроолоруна жооп беришти. Комиссия ошондой эле мурдагы президент тарабынан куугунтукталдык деген саясатчылардын да пикирлерин укту.