Жаңылыктар
Ысык-Көлдө менталдык арифметика боюнча олимпиада өтүп жатат
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көлдө менталдык арифметика боюнча олимпиада өтүп жатат

Монголия, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан жана Кыргызстандын жаш математиктери эсеп чыгаруудан күч сынашууда. Олимпиадага жалпы 500дөн ашык бала келип, учурда айрым категорияларда жеңүүчүлөр аныкталды.

Бул балдар тез эсептөөдөн гана эмес, бат ойлонуудан да жарышып жатышат. Алардын арасында Чолпон-Аталык Жантай да бар. Ал бир эсептен адашып кетпесе, биринчи орунду алмак. Бирок, кичинекей гений үчүн экинчи орун дагы чоң жеңиш.