Жаңылыктар
Иран өзөктүк келишимдин шарттарын бузууда
Дүйнө
Иран өзөктүк келишимдин шарттарын бузууда

Жакынкы 10 күндө Ирандын уран запасы буга чейин МАГАТЭ менен макулдашылган деңгээлден ашат. Бул тууралуу өлкөнүн Атом энергиясы боюнча агенттигинин башчысы Бехруз Камалванди билдирди. 

Бул 2015-жылы Тегеран менен дүйнөлүк алты державанын ортосунда түзүлгөн келишимде көрсөтүлгөн байытылган урандын көлөмү дагы 300 килограммга көбөйөт дегенди билдирет. Өткөн жумада Ирандын президенти Хасан Роухани эгер өзөктүк макулдашууга кол койгон тараптар эч кандай «оң» белги бербесе, анда Тегеран документте белгиленген шарттарды аткаруудан баш тарта берерин билдирген. 8-майда Иран өзөктүк келишимдеги милдеттенмелерин аткарууну жарым-жартылай токтоткон. Анда Улуу Британия, Франция жана Германия өлкөлөрү Тегеранды келишимди бузбоого чакырышкан. 

АКШ бул келишимден былтыр май айында чыгып кетип, Иранга каршы экономикалык санкцияларды калыбына келтирген. Эки өлкө ортосундагы чыңалуу соңку күндөрү, Вашингтон Тегеранды Перс булуңундагы мунай танкерлерине коюлган чабуул үчүн айыптагандан кийин курчуп кетти. 

Ал эми 2015-жылкы макулдашууга АКШ менен Ирандан тышкары, Британия, Орусия, Жапония, Германия жана Франция кол койгон. Ага ылайык, Иранга уранды 3,67 пайыздан ашыра байытууга тыюу салынган. Мындай уран атомдук электр станцияларда колдонулат, бирок өзөктүк курал жасоого жараксыз болот. Мындан тышкары, Иран 300 килограммдан ашпаган көлөмдө байытылган уран сактай алат. Калганын башка өлкөлөргө экспорттошу керек болот.