11-класстын окуучуларына өзгөчө үлгүдөгү аттестаттар 24-июнь күнү Бишкек шаарында тапшырылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарында быйыл 6 147 окуучу 11-классты аяктады. Алардын 56сы Билим берүү башкармалыгы тарабынан уюштурула турган иш-чарага катышат.