Жаңылыктар
Мунай баасы түшүүдө
Дүйнө
Мунай баасы түшүүдө

Бренд маркасындагы мунайлардын баасы дээрлик 7 пайызга чейин ылдыйлаган. Ал арада жергиликтүү серепчилер геосаясий оюндардын айынан сүйлөшүүлөр ийгиликсиз өткөнүн белгилешип, Орусиядагы каатчылык дагы бир топко созулушу ыктымалдыгын айтышууда.

Мунай өндүрүүчүлөрдүн Катардын борбору Дохадагы саммити жыйынтыксыз аяктагандан кийин мунайдын дүйнөлүк баасы кескин төмөндөп, дээрлик жети пайызга ылдыйлаган. Жыйында  мунай өндүрүүнү кыскартуу тууралуу  бир пикир табылбай, баарына жакында дүйнөлүк мунай базарына кайтып келген Ирандын позициясы тоскоол болгону айтылууда.  

 Талдоочу Марс Сариевдин баамында бул маселеде геосаясий абал башкы ролду ойногон. Мунун кесепетинен эми Орусияда каатчылык дагы уланышы ыктымалдыгын Экономика илимдеринин доктору Шайлообек Мусакожоев боолгойт.  Анын таасири Кыргызстанды дагы кыйгап өтпөөрүн айткан талдоочу, быйыл айрыкча улуттук валютанын курсун сактап калуу аракети көрүлүшү керектигин белгилейт.  2015-жылы Улуттук банктын туура саясатынын негизинде сомдун туруктуулугу сакталган.

Мунайга болгон баанын төмөндөшүнүн Кыргызстанга эч кандай деле таасири жоктугун  Экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеев  айтат. Өлкө мурда кандай баада алып келсе, Орусиядан ошол эле баада ала берет. Бирок АКШ акчасынын баасы өсүп, сомго терс таасири тийиши ыктымал.

Ошентип, өткөн жекшемби күнү Дохада чогулган бир катар мамлекеттердин өкүлдөрү мунайды өндүрүү көлөмүн азайтуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бирок бир пикирге келе алышкан эмес.Мунайды өндүрүү көлөмүн азайтуу боюнча маселени кароого багытталган келерки жыйын июнь айында Венада өтүүсү күтүлүүдө. Дохадагы саммитке  мунай өндүрүүчү 16 өлкөнүн өкүлдөрү, анын арасында  Мунай экспорттоочу өлкөлөр уюмуна мүчө мамлекеттер  менен  Орусиянын да өкүлү катышты.

М.Абдраманова, “Биринчи радио”