Жаңылыктар
Бишкекте жоголгон 5 жашар бала табылды
Кырсык
Бишкекте жоголгон 5 жашар бала табылды

 

Бишкек шаарында  дайынсыз болуп жаткан 5 жаштагы бала табылды.  Маалыматка ылайык, 15-июнда 2014-жылы туулган  бала  Көк-Жар кичи районундагы үйүнөн чыгып кеткен.  

Ата-энеси милиция кызматкерлерине кайрылгандан бир саат  өткөндөн кийин Көк-Жар районунан  табылган. Учурда  баланын абалы жакшы экендиги кабарланды.