Жаңылыктар
Чалдыбар айылында жаш балдар арасында массалык мушташ катталды
Аймак
Чалдыбар айылында жаш балдар арасында массалык мушташ катталды

 

Чүй облусундагы Чалдыбар айылында массалык мушташ болуп,  ар кандай жаракаттар менен райондук ооруканага   6  киши түштү.  

Алардын арасында  18 жаштагы  3 бала  жана  17 жаштагы эки бала болгон.  Окуя 16-июнда  катталган.  

Жаштар арасында пикир келишпестик жаралып, мушташа кетишкен. Натыйжада айрымдары жаракат алышкан. Уруштун  уюштуруучулары 19 жаштагы эки бала  экени аныкталган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.