Жаңылыктар
Тоң районунда кызганычтын айынан күйөсү аялын атып салды
Кырсык
Тоң  районунда кызганычтын айынан күйөсү аялын атып салды

 

Тоң  районунда  кызганычтан аялын өлтүрүүгө шектелген жаран камакка алынды. Окуя 16-июнда Көл-Төр айыл аймагына тиешелүү сырт өрөөнүнүн Кара-Саз тилкесинде орун алган. 

Үй-бүлөдө  уруш чыгып,  күйөөсү аялына ок чыгарган.  Оор жаракаттан улам аял каза болуп калган.  Окуянын чоо-жайын аныктоо үчүн милициянын ыкчам тергөө тобу жөнөтүлгөн.

 Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында 29 жаштагы  жаран жубайы менен мал багып келүү үчүн жайлоого барышканы  аныкталган. 16-июнь күнү кызганычтан экөөнүн ортосунда уруш чыгып, күйөөсү аялын атып салган. 

Бул факт боюнча "адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Эртең, 19-июнда анын баш коргоо чарасы каралат .