Жаңылыктар
Чыңгыз Айдарбеков Финляндиянын элчиси Микко Кивикоскини кабыл алды
Саясат
Чыңгыз Айдарбеков Финляндиянын элчиси Микко Кивикоскини кабыл алды

Бүгүн, 18-июнунда Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Финляндиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Микко Кивикоски менен жолукту.

Чыңгыз Айдарбеков Финляндиянын Элчиси М.Кивикоскини парламенттик шайлоону ийгиликтүү өткөрүп алышы жана Финляндиянын Өкмөтүнүн жаңы курамынын бекитилиши менен куттуктады. Ошондой эле, 2019-жылдын 1-июлунан баштап Финляндиянын Европа Союзунда боло турган төрагалыгынын жүрүшүндө ийгиликтерди каалады.   

Өз кезегинде Финляндиянын Элчиси Микко Кивикоски Кыргызстанды маанилүү иш-чараларды ийгиликтүү өткөрүп алышы менен куттуктады. Маектин жүрүшүндө тараптар эки тараптуу, көп тараптуу форматтардагы кызматташтыктын азыркы абалын жана келечегин талкуулашты. Ошондой эле, пландалып жаткан эки тараптуу сапарлар жөнүндө пикир алмашуу болду.