Жаңылыктар
Жогорку Кеңеште Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу маселеси каралууда
Саясат
Жогорку Кеңеште Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу маселеси каралууда

Жогорку Кеңеште Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча депутаттык комиссиянын жыйыны өтүүдө. Анда 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Кеңешбек Дүйшөбаев - Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда коррупцияга кеңири жол берилгенин билдирди. 

"Андай жосундарды ашкерелеген саясий жана коомдук ишмерлер, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, алардын жакындары куугунттукка алынып, көптөгөн адамдар негизсиз камакка алынган. Азыркы учурда кыргыз коомчулугунда түзүлгөн анчалык жакшы эмес жагдай мына ошол кезде жүргүзүлгөн туура эмес иштердин кесепети болуп саналат. Ошондон улам, Атамбаев элдин бийликке карата ишенимине орду толгус доо кетирди», - деди ал. 

Ал эми коомдук ишмер Расул Умбеталиев Атамбаев баш болгон аткаминерлердин Бишкек ЖЭБин реконструкциялоо жаатында жасаган кылмыштуу иштерин ачыкка чыгарды. Эксперт Бишкек ЖЭБин көмүр менен камсыздоо ишиндеги коррупциялык жосундарга токтолуп, ал Атамбаевдин жеке кызыкчылыгы үчүн гана иштеп калганын белгиледи. 

Комиссия курамында депутаттар Каныбек Иманалиев, Өмүрбек Бакиров, Евгения Строкова, Кожобек Рыспаев, Максатбек Эгембердиев, Талант Мамытов, Бактыбек Райымкулов, Жыргалбек Турускулов, Канатбек Исаев, Алмазбек Токторов, Алтынбек Жунус уулу, Бактыбек Турусбеков бар.