Жаңылыктар
ЖК: Атамбаевди экс-президент статусунан ажыратуу маселеси каралууда
Саясат
ЖК: Атамбаевди экс-президент статусунан ажыратуу маселеси каралууда

Жогорку Кеңеште Алмазбек Атамбаевди экс-президент статусунан ажыратуу маселеси каралып жатат. Маселени ага каршы күнөө маселеси боюнча корутунду бере турган атайын убактылуу комиссиясы кароодо. Анда коомдук ишмер, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Кеңешбек Дүйшөбаев, Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда коррупцияга кеңири жол берилгенин билдирди. "Андай жосундарды ашкерелеген саясий жана коомдук ишмерлер, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, алардын жакындары куугунттукка алынып, көптөгөн адамдар негизсиз камакка алынган. 

Азыркы учурда кыргыз коомчулугунда түзүлгөн анчалык жакшы эмес жагдай мына ошол кезде жүргүзүлгөн туура эмес иштердин кесепети болуп саналат. Ошондон улам, Атамбаев элдин бийликке карата ишенимине орду толгус доо кетирди», - деди ал. Ал эми коомдук ишмер Расул Умбеталиев Атамбаев баш болгон аткаминерлердин Бишкек ЖЭБин реконструкциялоо жаатында жасаган кылмыштуу иштерин ачыкка чыгарды. Эксперт Бишкек ЖЭБин көмүр менен камсыздоо ишиндеги коррупциялык жосундарга токтолуп, ал Атамбаевдин жеке кызыкчылыгы үчүн гана иштеп калганын белгиледи. 

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин атайын убактылуу комиссиясы 13-июнда «КР Президентинин ишмердүүлүгүнө кепилдиктер жөнүндө» мыйзамдын 12-беренесинде «КР ЖК Регламенти жөнүндө» мыйзамдын 33-беренесине таянуу менен түзүлгөн, анын иштөө мөөнөтү – 7 күн. Комиссия курамында депутаттар Каныбек Иманалиев, Өмүрбек Бакиров, Евгения Строкова, Кожобек Рыспаев, Максатбек Эгембердиев, Талант Мамытов, Бактыбек Райымкулов, Жыргалбек Турускулов, Канатбек Исаев, Алмазбек Токторов, Алтынбек Жунус уулу, Бактыбек Турусбеков бар.