Жаңылыктар
УКМК: Атамбаевге тогуз кине коюлду
Кылмыш
УКМК: Атамбаевге тогуз кине коюлду

Атамбаевге коюлган тогуз киненин сегизи боюнча тергөө жүрүп жатат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы кызматынын директорунун орун басары Талантбек Кожонов билдирди. 

Тергелип жаткан иштер Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталды. Депутаттык комиссия мурдагы мамлекет башчысына тогуз бөлүмдөн турган оор айыптарды коюп жатат. Анын ичинде кызмат абалынан кыянат пайдалануу, кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотушулу, коррупция, жерди мыйзамсыз трансформациялоо, акча адалдоо, Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоодогу жемкордук, бийликтин узурпациясы деген башка кинелер бар.