Жаңылыктар
Тарых музейиндеги коррупциялык иштер такталууда
Коррупция
Тарых музейиндеги коррупциялык иштер такталууда

Тарых музейи боюнча шектүүлөр арасында Атамбаев да бар. Бул тууралуу УКМКнын Иликтөө башкармалыгынын башчысынын орун басары Сагынбек Самидин уулу бүгүн Атамбаевдин кол тийбестигин караган депутаттык комиссиянын жыйынында билдирди. 

Анын айтымында, бул иш тергелип, тиешелүү адамдарга айыбы угузулуп, азыр сотто каралууда. Шектүүлөр арасында экс-президенттин да аты бар экени айтылды. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 16-апрелде Жогорку Кеңеште маалымат берип жатып, Улуттук тарых музейин жана Ысык-Көлдөгү ат майданды оңдоодогу коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеп кеткен алты адамга Жазык кодексинин 303- "Коррупция" беренесинин негизинде айып коюлганын айткан. 

Алар: Сапар Исаков, Алмаз Абдыкаров, Улукбек Матисаков, Мира Карыбаева, Шайбек Атамбеков жана Айдарбек Мендеев. Башкы прокурордун сөзүнө караганда, музейди оңдоп-түзөөдөн мамлекеттик бюджет 101,6 млн. сом зыян тарткан.