Жаңылыктар
Өкмөт башчы Кытайдан келген инвесторлор менен жолугушту
Экономика
Өкмөт башчы Кытайдан келген инвесторлор менен жолугушту

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кытайдан келген инвесторлор менен жолугушту. Өкмөт башчы Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапары, тараптар ортосунда жетишилген макулдашуулар ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди тереңдетип, аларга күчтүү өбөлгө берерин билдирди. 

Кытайлык инвесторлор делегация эки өлкөнүн ортосунда ар түрдүү багыттарда өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү колдойт, - деп айтты. Делегациянын мүчөлөрү кытайлар Токмоктогу Суяб шаарында туулган көрүнүктүү кытай акыны Ли Бай тууралуу кино тартууну пландап жатканын билдиришти. 

"Эки өлкөнүн археологдорунун аракеттешүүсү менен биз аймакты изилдеп, казуу иштерин жүргүзүп, акын Ли Байдын музейин тургузсак дейбиз, бул жер тарыхый туристтик борбор болмок. Мындан тышкары биз атамекендик кинорежиссерлор менен жолугушуп, тасманын сценарийин жазуу боюнча сунуштарды талкууладык, тасма бул жакта жана Кытайда тартылат», – деди ал. 

Делегация мүчөлөрү билдиришкендей, сапардын алкагында кытай чайын өндүрүү, ликер-арак продукцияларын чыгаруу, Кытайга айыл чарба продукцияларын экспорттоо боюнча макулдашылып, ошондой эле транс чек аралык дүң сооданын электрондук базасын өнүктүрүү келечеги талкууланды. Андан сырткары, кытайлык туристтерди Кыргызстанга тартуу маселеси да талкууланды.