Жаңылыктар
«Кепилдик фондунун» уставдык капиталы 550 миллион сомго көбөйтүлөт
Экономика
«Кепилдик фондунун» уставдык капиталы 550 миллион сомго көбөйтүлөт

Мухаммедкалый Абылгазиев «Кепилдик фонду» ачык акционердик коомунун андан ары натыйжалуу иштөөсүн камсыз кылуу максатында Президенттин «2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында буйрукка кол койду. 

Буйрукка ылайык, «Кепилдик фондунун» уставдык капиталы 550 миллион сомго көбөйтүлөт. Бүгүнкү күнү «Кепилдик фонду» коомунун уставдык капиталы 582 миллион сомду түзөт. «Кепилдик фонду» ачык акционердик коомун кошумча капиталдаштыруу берилген кепилдиктердин санынын көбөйүүсүн, өнөктөш банктар тарабынан берилген насыялардын көлөмүнүн, кепилдиктердин орточо суммасынын, кепилдик портфелинин көлөмүнүн, түзүлгөн жана колдоого алынган жумуш орундарынын санынын өсүүсүн өбөлгөлөйт.