Футбол боюнча өтүп жаткан Америка кубогунда Чили Жапониянын курама командасын 4:0 эсебинде утуп алды. Өзгөчө голду Алексис Санчес киргизген. Биринчи турдун жыйынтыгы менен тайпалык оюнда 3 упай менен Бразилия, Колумбия, Чили жана Уругвай алдыда баратат. 19-июнда эрте менен экинчи тур башталат. Оюн талаасына А тайпасындагы командалар чыгат.