“Кыргыз почтасы” ишканасы жаңы автоунаалар менен камсыз болду. Мындай саамалык Бүткүл дүйнөлүк почта союзу тарабынан колдоого алынды.
Баардыгы болуп “Лада” үлгүсүндөгү 18 автоунаа эми өлкө ичиндеги почта жеткирүү кызматынын ишин тездетүүгө жана жакшыртууга колдонулат. Жаңы унаалардын ачкычтарын тапшырып жатып, вице-премьер-министр Замирбек Аскаров, технология өнүккөн сайын почта кызматынын пайдалангандар азайды делген менен, бул тармак өтө жоопкерчиликтүү иштерди аркалап жаткандыгын белгиледи.
Мисалы жыл башынан бери иштеп жаткан “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырууда да почта кызматынын аткарган иши маанилүү. Себеби айып каттарын айдоочуларга убагында жеткирүүдө жана акча каражаттарын, почта жана телеграф которумдарын кабыл алуу, иштеп чыгуу, ташуу боюнча кызмат көрсөтүүдө почта кызматы алгылыктуу иштерди аткарып келет.
“Кезегинде почта кызматы керекби деген да пикирлер болгон. Бирок азыркы заманда бул кызмат өтө жооптуу ишти аткарып жатат. Андыктан почта кызматын ар тараптан колдоо керек”,- деди вице-премьер-министр Замирбек Аскаров.