Жаңылыктар
Президент Чынгыз Айдарбековду кабыл алып, ШКУ Саммитин жыйынтыктады
Саясат
Президент Чынгыз Айдарбековду кабыл алып, ШКУ Саммитин жыйынтыктады

Президент Сооронбай Жээнбеков тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбековду кабыл алып, ШКУ Саммитинин, КЭР, Индия жана Монголия башчыларынын Кыргызстанга болгон визиттеринин жыйынтыгын чыгарды.

Министр Чынгыз Айдарбеков бардык өткөн иш-чаралар боюнча тиешелүү маалымат берди. Президент Тышкы иштер министрлиги бардык тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте Саммиттин жана визиттердин мазмундук жагын жана протоколдук-уюштуруучулук маселелерин жогорку деңгээлде камсыздап беришкенин, конкреттүү натыйжалар бар экенин белгиледи. Президент ошондой эле, Бишкек шаарынын тургундарына бул ири эл аралык иш-чаралардын убагында көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн тышкы иштер министрине Президенттин аппараты менен бирге ШКУ Саммитинин, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин мамлекеттик визитинин, Монголия Президенти менен Индия Премьер-министри Нарендра Модинин Кыргызстанга расмий визиттеринин алкагында жетишилген макулдашуулардын мындан аркы аткарылышын кылдат көзөмөлгө алууну тапшырды.