Жаңылыктар
Эквадор: жер титирөөнүн курмандыктары көбөйүүдө
Дүйнө
Эквадор: жер титирөөнүн курмандыктары көбөйүүдө

Эквадордо ишемби күнү болгон зилзаладан каза болгондордун саны 400дөн ашты. Өлкө бийлиги билдиргендей, жабыр тарткандардын саны бир нече миңге жетет. 

Ал эми каза болгондордун саны дагы көбөйүшү мүмкүн. Жарандар урандылдардын астында калып калышы ыктымал деген коркунуч бар. 

Президент Рафаэль Корреа бул зилзала акыркы 67 жылда өлкө кабылган эң оор кырсык экенин айтты. Портовьехо менен Манта шаарлары чоң уроого дуушар болгонун президент жабыр тарткан райондорду учак менен кыдыруу маалында билдирди. 

Издөө операцияларына көмөктөшүү үчүн Швейцария, Испания жана Латын Американын бир катар өлкөлөрүнөн куткаруучулар Эквадорго келди.